13.11.2024
Кароолор: (13)
ШААР МЭРИ БАЛДАР ЭС АЛУУ БОРБОРУНУН АБАЛЫНАН КАБАР АЛДЫ

ара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев эл менен жолушуу учурунда “Кайыңды”балдар эс алуучу борбордун абалын көрүп чыкты. Мындагы шарт талапка ылайыктуу эмес экенин белгилеген шаар мэри, имараттын абалын ремонттун жакшыртуу керек деди.
Тоо койнунда жайгашып, Кара-Көл шаарынан 10 км аралыктагы “Кайыңды” балдар эс алуу борбору учурдагы абалына карабастан жай мезгилинде балдарды кабыл алып келет. 7 күндөн 4 агымдагы балдарга эс алуу уюштуруп келет. Бул жылы июль-август айында 720 бала эс алган.
“Кайыңды” балдар эс алуу борбору 160 балага ылайыкташтырылып курулган.