Көрүүсү начарлар үчүн версия

03.06.2026

Кароолор: (6)

ШААР БАШЧЫСЫ ООРУКАНАДАГЫ АБАЛ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаев Б. Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунда болуп, шаардык оорукананын учурдагы абалы менен жеринде таанышты.

Таанышуу учурунда шаар башчысы оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттарды көрүп чыгып, жандандыруу жана терапия бөлүмдөрүндөгү бейтаптардын абалына кызыкты. Ошондой эле медициналык кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптарды тейлөө деңгээли, бөлүмдөрдө жаралган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу маалымат алды.

Мындан сырткары палаталардын заманбап эмеректер жана медициналык жабдуулар менен камсыздалышын карап чыгып, мекемеде кайсы адистер жетишсиз болуп жатканын сурады.

Шаар башчысы саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жеринде көрүп, медициналык кызматкерлердин сунуш-пикирлерин угуу менен бирге бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттарга баа берди.