Көрүүсү начарлар үчүн версия

22.12.2025

Кароолор: (2)

ШААР БАШЧЫСЫ АРДАГЕР ЭНЕРГЕТИКТЕРДИ КУТТУКТАДЫ

 

22-декабрь — Энергетиктердин кесиптик майрамына карата Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев өз демилгеси менен шаардагы ардагер энергетиктерди жана гидрокуруучуларды куттуктады.

Ал ар бир ардагердин үйүнө барып,

ден соолугунан кабар алып,

энергетика тармагына кошкон зор салымдарын белгилеп,

ыраазычылык билдирип,

белектерин берип кайтты.

Алар:

Адыл Дарбишев —

Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу, гидрокуруучу,

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу,

Кыргыз Республикасынын мыкты энергетиги,

Кара-Көл шаарынын IV чакырылыштагы депутаты болгон.

Култемир Аскаров —шаардын ардактуу атуулу, энергетик.

Усупбаев Доулбек —

Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу, СССРдин Энергетика министрлигинин мыктысы,КМШнын эмгек сиңирген энергетиги,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси.

Энергетика тармагында 48 жыл эмгектенген.

Токтогулов Сабыржан —

Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу, гидрокуруучу, энергетик.

Курманбек Арыков —

гидрокуруучу, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Кыргызстандагы 6 ГЭСтин курулушуна катышкан.

Култаев Кубатбек —

КМШнын эмгек сиңирген энергетиги сыйлыгынын ээси.