Көрүүсү начарлар үчүн версия

01.07.2024

Кароолор: (47)

Салык кызматкерлерин куттуктоо

Урматтуу Салык кызматкерлери,
Сиздерди Салык кызматкерлер күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм!
Салык кызматы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өзгөчө ролду аткарат. Бир жагынан салык саясатын ишке ашыруу аркылуу  экономиканын өнүгүшүнө таасир этет жана экинчиси - өлкөнүн бюджетин түзүүчү башкы орган катары социалдык маселелердин чечилишин каржылоону камсыз кылат.
Жергиликтүү бюджеттин кирешесин камсыз кылып, бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, салыктарды башкаруунун деңгээлин жана сапатын жогорулатууда, салык системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууда Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын кесипкөй кызматкерлери жоопкерчилик менен иш алып барууда.
Урматтуу салык кызматкерлери!
Мамлекеттик кызматтын чоң жоопкерчилигин ак ниеттүүлүк менен аткарып, шаарыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон жогорку кесипкөй кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт,  жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм»
Сиздерди терең урматтоо менен,

Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович