27.09.2023
Кароолор: (47)
Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун өкүлдөрү менен ишкерлердин жолугушуусу өткөрүлдү

2023-жылдын 27-сентябрында Кара-Көл шаарынын мэриясынын кичи залында Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун Башкаруусунун мүчөсү Б.О.Курманбеков жана Фонддун Жалал-Абад облусу боюнча аймактык өкүлү Н.С.Сапарбаевдин Кара-Көл шаарынын ишкерлери менен жолугушуусу өткөрүлдү. Жолугушууда ишкерлер Фонддун ишмердиги жөнүндө кенен маалымат алышып, Фонд менен бирге иштөө мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Иш-чаранын алкагында Фонддун өкүлдөрү ишкерлердин ишмердиги менен жеринен таанышып келишти.