07.04.2026
Кароолор: (6)
РЕВОЛЮЦИЯЛАРДЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 4-апрелиндеги №68 Жарлыгына ылайык, 24-март – эскерүү күнү катары жыл сайын белгиленет. Бул күнгө карата 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциялардын жылдыктарына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара шаардык мэриянын аянтында уюштурулуп, шаардын мэри Тажимырзаев Эдил, шаардык кеңештин төрагасы Кимсанов Чынгыз, мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуучулар жана студенттер катышты.
Эскерүү иш-чарасында шаардын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы сөз сүйлөп, революциялардын маанисин белгилешип, курман болгондор эскерилди.
Ошондой эле маданият бөлүмү тарабынан «Эне жүрөгү» аттуу сахналык көрүнүш көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө энелердин сүйүүсү, күчү жана тынчтыкка болгон үмүтүн чагылдырган жүрөк жылыткан маанилүү образдар тартууланды.

















