22.11.2023
Кароолор: (325)
Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо

"Прокуратура органдарынын урматтуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү - кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы күрөшүп келишет. Ошол эле маалда кайсыл замандын талабы болбосун, кандай гана өзгөрүүлөр болбосун прокуратура органдарында чынчыл, принципиалдуу адамдар эмгектенишет.
Бүгүнкү кесиптик майрам күнү сиздердин биздин шаарыбызда мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымыңыздарды өзгөчө белгилеп, чын дилимден ыраазычылык билдирем. Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, Мекенибизге ак кызмат өтөөнү каалайм.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Кара-Көл шаарынын мэри Т.Т.Конкобаев