Көрүүсү начарлар үчүн версия

29.08.2025

Кароолор: (10)

ПРЕЗИДЕНТТИН ОНЛАЙН КАТЫШУУСУНДА, ШААРДА 3 ОБЪЕКТИ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 29- августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамын утурлай Кара-Көл шаарында 1 социалдык жана эки өндүрүштүк объектилер пайдаланууга берилди. Жаңы имараттарды Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда, Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев ачып, таанышып чыкты.

Алар Жазы-Кечүү айылындагы №6 Т. Темиров жалпы билим берүү мектебинин, Электр станциялар ачык акционердик коомунун жана "Аква" сервис балык өстүрүүчүлөрдүн балыктарын кайра иштетүүчү ЖЧКнын жаңы курулган имараттары болуп саналат.

Бул жаңы имараттар замандын суроо талабына ылайык салынып, бардык шарттар түзүлгөн.