Көрүүсү начарлар үчүн версия

09.07.2026

Кароолор: (84)

ПОЙМА МЕНЕН БУРЖУЙДАГЫ КӨЧМӨ ЖОЛУГУШУУ: ТУРГУНДАР КАНДАЙ МАСЕЛЕЛЕРДИ КӨТӨРҮШТҮ?

8-июль күнү Кара-Көл шаарынын мэри Азамат Турдубеков Пойма кичи районундагы Серый, Умралин, Бакешов, Энергетик жана Боконбаев көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушуу эки жерде — №23 көп кабаттуу үйдүн аймагында жана эл арасында «Буржуй городок» деп аталган аймактагы наабайкананын алдында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар балдар ойноочу аянтчаларды куруу, ички жолдорду асфальттоо, №19–25 көп кабаттуу үйлөрдүн алдында курулуп жаткан балдар аянтчасы менен кичи футбол аянтчасынын курулушу, ошондой эле жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында ички жолдорго жасалма дөңсөлөрдү орнотуу маселелерин көтөрүштү.

Мындан тышкары, тротуар, таштанды чыгаруу, жылуулук менен камсыздоо, Коммуналдык ишканалар комбинатынын мэриянын карамагына өткөнүнө байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери, ошондой эле түнкү жарыктандыруу боюнча көйгөйлөр айтылды.

Ошондой эле тургундар ар бир көп кабаттуу үйдүн жашоочулары үчүн үй-бүлөлүк жана башка салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган бирден көмөкчү жай куруп берүү сунушун билдиришти.

Жолугушуунун соңунда шаар мэри көтөрүлгөн ар бир маселе жана сунуш боюнча жооп берип, аларды чечүү жолдорун түшүндүрдү. Бардык маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилип, алардын өз мөөнөтүндө аткарылышы милдеттендирилди.