23.12.2024
Кароолор: (16)
ӨТКӨРМӨ ПУНКТ КЕҢЕЙТИЛҮҮДӨ

ӨТКӨРМӨ ПУНКТ КЕҢЕЙТИЛҮҮДӨ
Бишкек-Ош эл аралык маанидеги автожолундагы Кара-Көл тоннелдик кызматынын төлөтүп-өткөрүү пунктуна кошумча жол тилкеси кошулуп, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган жолдун боюндагы тейлөө объектилерин, анын ичинде соода түйүндөрүнүн жайгашкандыгы, кооптуулугу жана мыйзамдуу жагын
Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Оробаев атайын түзүлгөн комиссия менен жеринде барып №56 Жарлыгына ылайык, текшерүүгө алды.
2024-жылдын 31-июлунан баштап ДЭП-30 ЖЭИсы филиалынын кызматкерлери жолдун огуна кирип кеткен соода түйүндөрү такталып эскертүүлөр берилген жана бүгүнкү күндө 110 даана соода түйүндөрү жана тейлөөчү жайлардын 45и өз ыктыяры менен жолдун чек арасынан 16 метрден алыс жылдырылган. 2024-жылдын 9-декабрь күнү комиссиянын курамында жолдун огунда жайгашкан соода түйүндөрдүн жана тейлөөчү жайлардын ээлерине 2024-жылдын 25-декабрына чейин жылдыруу боюнча акыркы эскертүү мөөнөтү берилди.