11.08.2025
Кароолор: (15)
ӨРТТӨНГӨН ҮЙЛӨРГӨ БАРЫШТЫ

Бүгүн, 11- августта Кара-Көл шаарынын жарандык коргонуу комиссиясы толук курамы менен 9- августта Акынай көчөсүндө өрттөнгөн эки үйдүн жашоочулары менен жоолугуп, жеринде кабар алып келди.
Жарандык коргонуунун төрагасынын орун басары Манас Абдыкалыков Кара-Көл шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн #94 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнө ыкчам түрдө тиешелүү корутундуну берүү жөнүндө жана жарандык коргоонун АКТсын даярдоо боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле камсыздандыруу программасы аркылуу жана мэрия тарабынан ар тараптуу тиешелүү жардам көрсөтүү каралууда.