Көрүүсү начарлар үчүн версия

05.08.2025

Кароолор: (14)

ОРТОГО ТҮШҮП, АКЧА СУРАГАНДАРГА ИШЕНБЕГИЛЕ

Бүгүн, 5- августта Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев ата-энесинен ажыраган 9 шаар тургунун кабыл алды.

Анткени алар өздөрү жашаган батирлерди менчиктештирүү боюнча арыз жазып, кайрылышкан.

Аталган жарандарга шаар мэриясы 2008-жылдан 2013-жылга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен батир сатып берип, ушул күнгө чейин жашап келишет. Алар кайрылган менчиктештирүү боюнча маселени шаар башчысы Нуртилек Орозбаев тиешелүү адистерге тапшырып, мыйзамдуулугу комиссияда каралып, шаардык кеңештин депутаттарына сунушталып, эл өкүлдөрүнүн туруктуу комиссиясынан колдоо тапкан. Натыйжада бул маселе жакынкы күндөрдө сессияда каралганы турат.

Шаар мэри Нуртилек Орозбаев ата-энесинен ажыраган 9 жаранды кабыл алып жатып, үйлөрдү жеке менчикке өткөрүп берүүдө коррупциялык иш-аракеттерге жол берилбей турганын айтып, баары мыйзам чегинде болорун эскертти.

"Үйүңүздөрдү менчиктештирүүдө ортого түшүп, акча сурап, жардам берем деген ортомчуларга ишенбегиле. Ушундай фактылар бар болсо, ачык айтып, бизге билдиргиле. "- деди шаар мэри Нуртилек Орозбаев.