16.10.2024
Кароолор: (27)
НУРТИЛЕК ОРОЗБАЕВ: 2025-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИНЕ ОРЧУНДУУ КӨЙГӨЛӨР КАМТЫЛАТ

Шаар мэри Нуртилек Орозбаев Бекташ, Кулданбаев, Ак-Шар 1, Төш-Мазар, Ак-Кыя 1, Ак-Кыя 2 көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жеринде укту.
Шаар тургундары медициналык тейлөөнү жакшыртуу, заманбап билим берүү мекемелерин куруу, ички чарбалык жолдорду жаңылоо, транспорт каттамы жана коопсуздукка байланыштуу көйгөйлөрүн айтышты.
Шаар мэри Ак-Кыя көчөсүнүн аралап өткөн Кара-Суу дарыясынын кооптонуу жаратып жаткан жерин көрүп чыкты. Ал эми Ак-Кыя 2 көчөсүнүн жашоочулары айылды аралап аккан Кара-Суу дарыясы башка айылдар менен каттамды байланыштырып турган көпүрөгө кооптулук жаратып жатканын айтышты. Ошол эле айылдын эли балдар ойноочу аятнчаны оңдоп, айланасын тосуп, балдар ойноого шарт түзүп берүүсүн суранды.
Нуртилек Орозбаев ар бир айтылган суроолорго өзү жеринде жооп берди.
Шаар мэри аталган айылда жана жалпы шаар аймагында жүргүзүлө турган жумуштар боюнча маалымат берип, 2025-жылдын бюджеттине орчундуу маселелер камтыла турганын билдирди.