Көрүүсү начарлар үчүн версия

19.08.2025

Кароолор: (12)

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР БОЮНЧА ИШТЕР УЛАНУУДА

Кара-Көл шаарында жерлерди өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган жана кызыл сызыкка чыккандарды тартипке келтирүү иш аракеттери уланууда.

Бүгүн, 19-августта шаар мэринин тапшырмасынын негизинде мэрдин орун басары Манас Абдыкалыков жана мыйзамсыз курулуштар боюнча иш алып барган комиссия К. Масиров көчөсүнүн жашоочуларын кыдырып бүтүп, Б.Мамытов көчөсүнө өттү. Алар адаттагыдай эле мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Комиссия тургундарга өздөрү жашаган үйдөн 4 метр аралыкты ченеп, ал жер көрктөндүрүү максатында берилерин эскертти. Ал эми буга чейин өз билемдик менен куруп алган кепе (навес), тапчан, кемегелерди тез арада бузууну талап кылышты.

Курулуштарды тартипке келтирүү Президенттин тиешелүү жарлыгынын негизинде ишке ашырылууда.

📣 Урматтуу шаар тургундары!

Мыйзамсыз курулуштарыңызды ыктыярдуу түрдө бузууга чакырабыз!