Көрүүсү начарлар үчүн версия

03.12.2025

Кароолор: (16)

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүткүл дүйнөлүк 3-декабрь – Майыптуулугу бар адамдарды коргоо күнүнө карата Кара-Көл шаарында маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулду.

29-ноябрь күнү «Энергетик» маданият үйүндө майыптуулугу бар адамдардын арасында ыр-бий боюнча кароо-сынак өтсө, 2-декабрда спорттун 6 түрү боюнча мелдештер жана майыптыгы бар балдар арасында сүрөт сынагы өткөрүлдү.

Бүгүн, 3-декабрь күнү аталган иш-чаралардын жыйынтыктоо жана сыйлоо аземи салтанаттуу түрдө өттү. Иш-чарага мэрдин орун басары Манас Абдыкалыков, мэриянын аппарат жетекчиси Айша Анарбаева, мекеме-ишканалардын жетекчилери, социалдык кызматкерлер жана шаар тургундары катышышты.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылып, катышуучулардын чыгармачылыгы жана активдүүлүгү жогору бааланып, сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүнүн тарткан сүрөттөрү коомчулукка тартууланып, атайын көргөзмө уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдогу ордун бекемдөө, алардын талантын өнүктүрүүгө шарт түзүү жана көңүл буруу болуп саналат.

Жалпысынан иш-чаралардын алкагында 1169 майыптыгы бар жаранга ар бирине 500 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Ал эми кароо-сынакты уюштурууга 20 000 сом, жалпысы 604 000 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.