Көрүүсү начарлар үчүн версия

29.08.2024

Кароолор: (47)

Мугалимдердин август конференциясы

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев мугалимдердин август конференциясына катышып, мугалимдерди куттуктап төмөнкүлөрдү белгиледи: Мугалимдер –  балдарыбыздын, биздин келечегибиздин тарбиячылары, билим берүүчүлөрү жана жол көрсөтүүчүлөрү. Сиздер балдарга билим берүүдөн тышкары, аларды адеп-ахлакка, адамгерчиликке жана мекенчилдикке тарбиялайсыздар. Сиздердин эмгегиңиздерди баалоо жана урматтоо – биздин милдет.

Сиздер, жаңы технологияларды өздөштүрүп, зарыл  учурда онлайн окутуп  балдарга билим берүүнү үзгүлтүксүз  бере алдыңыздар. Мен сиздерге  ар бир мугалимге ден соолук, бакубаттык жана иштериңиздерде ийгиликтерди каалайм. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында биздин балдарыбыз билимдүү, тарбиялуу жана келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо турган инсандар болуп өсүшөт.Алдыдагы окуу жылы дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы максаттарды алып келсин. Биргелешип, биз бардык максаттарыбызга жетебиз деп ишенем. Билим берүү тармагын андан ары өнүктүрүү үчүн мэрия тарабынан бардык зарыл болгон колдоолор көрсөтүлөт. Биз сиздер менен биргеликте иштешүүгө ар дайым даярбыз.