Көрүүсү начарлар үчүн версия

27.08.2025

Кароолор: (17)

МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

Бүгүн Кара-Көл шаарында "Алтын казык- доор өзгөрткөн билим" аталыштагы август педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Аталган кеңешмеге КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, шаар мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов жана билим берүү тармагынын кызматкерлери, мугалимдер катышты. Иш-чаранын башында КРнын Президенти Садыр Жапаровдун мугалимдерди куттуктаган видеосу коюлду.

Андан соң КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов

Жалал-Абад шаарына Эгемендүүлүк күнүнө арналган жалпы мамлекеттик иш-чарага өтүп баратып тийип жатканын айтып, куттуктоону улантты.

" Урматтуу мугалим агай-эжекелер сиздер өлкөнүн авангардысыңар.

Учурда эң негизги байлык акыл, билим технология.

Дүйнөдө өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулуу үчүн азыркы балдарыбызга, мугалимдерге билим берүүнүн системасын замандын талабына ылайык өзгөртүп, иш алып баруу болуп саналат.

Биздин эң чоң байлыгыбыз азыркы балдарыбыз. Ал балдардын ар бири таланттуу. Ошон үчүн ар бир бала менен иштөө керек. Ооба, ар бир баланын кабыл алуусу ар башка. Бирок ар бир баланы жөндөмүнө жараша, жолун таап билим берүүңүздөр керек. Себеби алар биздин келечегибиз."- деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары.

Андан кийинки сөздү шаар мэри Нуртилек Орозбаев алып "Урматтуу эже-агайлар жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм. Кийинки жылы алтын сертификат, алтын тамгаларды алган билимдүү окуучуларды чыгарасыздар деп ишенебиз.

Негизинен биздин шаарда агартуу тармагына жакшы көңүл бурулуп келе жатат. Алсак былтыр №4 орто мектептин кошумча жаңы имараты, Жазы-Кечүү айылында жаңы балдар бакчаны ачтык. Эртең 28- август ошол эже Жазы-Кечүүдөгү №6 мектептин жаңы имаратын ачканы турабыз."- деди шаар башчысы.

Мугалимдердин август кеңешмесинде билим берүү тармагындагы көйгөйлөр менен жетишкендиктер айтылып, 12 жылдык билим берүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча резолюция кабыл алынды. Иш- чаранын алкагында Президенттин колдоосу менен стем мугалимдерге ноутбуктар тапшырылды. Ал эми кеңешмеге чакырылган ардагер агай-эжелер баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Ишчара шаардык мэриянын чоң жыйындар залында болуп өттү.