Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.11.2024

Кароолор: (15)

МЭРГЕ АЙТЫЛГАН ЭЛ КӨЙГӨЙҮ ЧЕТИНЕН ЧЕЧИЛҮҮДӨ

Кара-Көл шаарыны мэри Нуртилек Орозбаев буга чейин Ак-Кыя 1 көчөсүнүн тургундары менен жолугуп, көйгөйүн уккан. Жергиликтүү тургундар Кара-Суу дарыясынын жээги кооптулук жаратып жатканын айтышкан. Мэр маселени жеринен көрүп чыгып, жеке көзөмөлүнө алган. Тийиштүү тармактар менен иш аракеттерди жүргүзүп, дарыя жээгин мекемдөө иштери жүрүп жатат.

Кара-Суу дарыясынын 170 метр жээгин аска таш менен бекемдөө иштери жүрүүдө. ӨКМдин техникалары тартылган.