20.09.2023
Кароолор: (56)
Мэрдин ишкерлерди куттуктоо сөзү

Урматтуу Кара-Көл шаарынын ишкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү - кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Сиздердин талыкпаган аракетиңиздердин жыйынтыгы менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, бюджеттин киреше бөлүгү толукталып, ошону менен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келесиздер.
Өзүңүздөр билгендей мамлекет тарабынан ишкердикти колдоо боюнча олуттуу аракеттер көрүлүүдө, атап айтканда, ченемдик укуктук актылар өркүндөтүлүп, административдик тоскоолдуктар жана ченемдик фискалдык жүктөр кыскарууда, финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүк кеңейүүдө. Ишкердикти колдоо боюнча мамлекет башчысынын чечимдерине ылайык Сиздерге өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын чегинде ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярмын.
Сиздерге чың ден соолук, түгөнгүс энергия жана бизнес максаттарды ишке ашырууда чоң ийгиликтерди каалайм.