Көрүүсү начарлар үчүн версия

16.10.2024

Кароолор: (38)

Мэрдин эл менен жолугушуусу уланууда

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев Масиров, Ленин, Сабиров, Панфилов,

Чаргынов, Акынай көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушуп, көйгөйүн укту.

Шаар мэри ар бир жашоочунун айтылган суроосуна жооп берип, сунуштарды эске алуу менен бирге маселелерди жеринен көрүп чыкты. Масиров көчөсүндө тротуар куруу зарылчылыгы бар экендигин, балдар машина жол менен жүрүүгө аргасыз болуп жатканын айтышты. Нуртилек Орозбаев 2025-жылдын бюджеттине эң көйгөйлүү болгон маселелери камтыла турганын билдирди.