16.10.2024
Кароолор: (27)
Мэрдин эл менен жолугушуусу уланууда

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев Серый, Умралин, Курманалиев, Хуриев көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушту.
Жергиликтүү жашоочулар социалдык маселелерди, курулуш, чарбалык, билим берүү, транспорт жана коопсуздук маселелерине байланыштуу көйгөйлөрүн айтышты.
Нуртилек Орозбаев ар бир жашоочунун айтылган суроосуна жооп берип, сунуштарды эске алуу менен бирге маселелерди жеринен көрүп чыкты. Ошондой эле, шаары мэри
тазалыкка активдүү катышып, жашаган аймагын таза кармаган жашоочуларга келээрки жылы балдар ойноочу аянтчаларды куруп берерин айты.