16.10.2024
Кароолор: (35)
МЭР ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУП, КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНДЕ УГУП ЖАТАТ

Кечээ, 7-октябрь күнү, алгачкы жолугушуу шаарыбыздын Чоң-Таш айылында өткөрүлдү. Анда жергиликтүү жашоочулар тарабынан таза суу муктаждыгы, электр энергиясын тартуу, балдар ойноочу аянтча куруу, маршруттук каттамдардын ишин жакшыртуу жана көчөлөрдү жарыктандыруу сыяктуу көйгөйлөр айтылды.
Шаар мэри суроолорго жеринде жооп берип, аталган айылда жана жалпы шаар аймагында жүргүзүлө турган жумуштар боюнча маалымат берип, 2025-жылдын бюджетине орчундуу маселер камтыла турганын билдирди.
Белгилей кестек, шаар мэри 7-октябрдан 12-октябрга чейин шаардын бардык аймактарында эл менен жолугушууларды өткөрөт.