Көрүүсү начарлар үчүн версия

04.03.2024

Кароолор: (25)

Мен мекендин сакчысы сынагы өттү

Кара-Көл шаарындагы мектеп окуучулары арасында аскердик даярдыка байланышкан спорттун түрлөрү боюнча “Мен мекендин сакчысы” темасында сынак өттү. Сынак шаардык Аскер комиссариаты Шаардык билим берүү бөлүмү менен макулдашып бекиткен Жобонун негизинде өттү. Мектеп командалары саптык даярдык, саптык жүрүш ыры, курал менен баштапкы көнүгүү, курал чачуу жана чогултуу, противогаз кийүү, турнике тартылуу, чуркоо, бутага атуу боюнча мыкты даярдыктарын көрсөтүштү жана формаларды темага ылайык кийиништи. Жыйынтыгында 1-орунду Ч.Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык мектебинин “Мурас” командасы, 2-орунду Токтогул атындагы №1 гимназия-мектебинин “Айкөл” командасы, 3-орунду Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин “Бөрү” командасы ээлешти, ал эми калган командалар активдүү катышты. Иш-чарага калыстык кылгандар Аскер комиссары Н.Алымов, №7706 Аскер бөлүктүн командири Т.Момбеков, мэрдин орун басары Г.О.Сатарова жана ШБББнын жетектөөчү адиси В.Исмаилова болушту. Катышкан командаларга жергиликтүү бюджеттен сыйлыктар ыйгарылды жана дипломдор берилди.