Көрүүсү начарлар үчүн версия

04.02.2025

Кароолор: (60)

МЕКТЕП РЕКЕТЧИЛИГИН АЛДЫН АЛУУ

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушту. Буга себеп жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулук күч алып жаткандыгы боюнча маселе каралган. Жолугушууда ата-энелер мектеп рекетчилигине каршы күрөшүүнү күчөтүүнү талап кылышты. Айтымында окуучулар арасында өз ара лидерликти талашуу, салык салмай сыяктуу учурлар катталууда. Кылык-жоруктарын мобилдик телефонго тартып, интернет аркылуу коомчулукка чыгаргандар бар экенин айтышты. Шаар мэри коллегияга катышкан шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисине жеринде коңкреттүү ташпырманы койду. Окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алууну күчөтүп, профилактика иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлүш керек деди.

Нуртилек Орозбаев окуучулар арасында рекетчилик деген түшүнүк болбош керек экенин белгилеп, бул көйгөй жалпы коомубуз күрөшө турган маселе экенине токтолду. Өзгөчө ата-энелер балдары менен мектеп мугалимдер окуучулар менен тыгыз иш алып барыш керек деп кошумчалады.

Кара-Көл шаарында өткөн жылы жаш өспүрүмдөр катышкан 4 кылмыш иши катталган.