03.10.2023
Кароолор: (74)
Мектеп окуучуларына спектакльдер коюлду

Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына, ошондой эле Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драм театрынын 15 жылдык мааракесине карата жазуучунун баа жеткис мурасын эл арасында кеңири жайылтуу максатында, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драм театрынын чыгармачыл жамааты “Кызыл жоолук Делбирим”, Адыл Болорбек уулунун “Жашагым келет” спектаклдерин 2023-жылдын 3-октябрында шаар тургундарына жана окуучуларга тартуулашты. Аталган спектакльдер абдан жогорку деңгээлде коюлгандыктан, ардактуу мугалимдер Ж.Ж.Орунова жана Ж.Д.Матназарова чыгармачылык жамаатка ыраазычылыктарын билдиришти.