23.06.2026
Кароолор: (6)
МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
23-июнь күнү Кара-Көл шаардык мэриясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ал иш-чарага шаар мэринин орун басары Туркбаев Каныбек жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, эмгек жамааттары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаарды өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык өсүшүнө салым кошуп, өз ишин ак ниеттүүлүк менен аткарып келген кызматкерлер сыйланды. Аларга Кара-Көл шаардык мэриясынын «Кара-Көл шаарына ак ниет кызматы үчүн» төш белгиси, Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Майрамдык маанайды «Энергетик» маданият үйүнүн кызматкерлери даярдаган концерттик программа көркүнө чыгарып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Иш-чара мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коом алдындагы жоопкерчиликтүү эмгегин баалоо менен бирге, алардын шаардын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилөөгө арналды.





















