Көрүүсү начарлар үчүн версия

02.03.2024

Кароолор: (43)

Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Бүгүн, 2024-жылдын 02-мартында мэриянын борбордук аянтында  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун бири- мамлекеттик туу күнүн белгилөө боюнча салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Шаарыбыздын борбордук аянтында өзгөртүлгөн туу илинди.

Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич, мэрдин биринчи орун басары Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты К.К.Сулайманов жана мэрдин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаев  салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү менен куттукташып, баарыбыз туунун алдында биригип, эгемен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу ар бир жарандын милдети экендигин белгилешти.