24.09.2024
Кароолор: (35)
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИНИН 35 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КӨРКӨМ ОКУУ ЭСТАФЕТАСЫ АКТИВДҮҮ УЛАНУУДА
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата, мамлекеттик тилди даңазалоо жана тил маданиятын жайылтуу максатында, шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын (менчик түрүнө карабастан) жетекчилери арасында көркөм окуу эстафетасы уюштурулду.
Бул иш-чара кыргыз тилинин коомдук жашоодогу ордун бекемдөөгө жана анын тазалыгын сактоого багытталган.
Эстафетаны Кара-Көл райондук электр тармактар башкармалыгы кабыл алып, муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылды.
Эстафета мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, тил маданиятын жайылтуу жана мекеме жетекчилеринин арасында улуттук тилди урматтоо сезимин бекемдөө максатын көздөйт. Ал шаардагы ар кайсы тармактарды камтып, мамлекеттик тилге болгон мамилени күчөтүүгө жана мекемелер ортосундагы биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.