Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.09.2024

Кароолор: (53)

Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктоо

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз  ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. 
Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.
Манастай дастандарды жараткан, комузга үн берип, уюткулуу улуттун жана өлкөбүздүн мамлекеттик тили катары бааланган кыргыз тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болушуна тилектешмин.
Жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий  куралы болгон Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктайм.
Терең урматтоо менен Кара-Көл шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич!