Көрүүсү начарлар үчүн версия

25.09.2024

Кароолор: (27)

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КӨРКӨМ ОКУУ ЭСТАФЕТАСЫ АКТИВДҮҮ УЛАНУУДА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата, мамлекеттик тилди даңазалоо жана тил маданиятын жайылтуу максатында, шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын (менчик түрүнө карабастан) жетекчилери арасында уюштурулган көркөм окуу эстафетасы улантылууда.

Кыргыз тилинин коомдук жашоодогу ордун бекемдөөгө жана анын тазалыгын сактоого багытталган эстафетаны Кара-Көл шаарынын социалдык фонд башкармалыгы кабыл алып, Кара-Көл шаардык салык кызматы башкармалыгына  өткөрүлүп берилди.

Эстафета мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, тил маданиятын жайылтуу жана мекеме жетекчилеринин арасында улуттук тилди урматтоо сезимин бекемдөө максатын көздөйт. Ал шаардагы ар кайсы тармактарды камтып, мамлекеттик тилге болгон мамилени күчөтүүгө жана мекемелер ортосундагы биримдикти чыңдоого өбөлгө түзүүгө багытталган.