07.08.2025
Кароолор: (28)
ЛАГЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛДИ

Кара-Көл шаарындагы "Кайыңды" жайкы эс алуу борборунун ишмердүүлүгү шаардык мэрия, шаардык билим берүү, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жана шаардык дарыгерлер практикалоо борборунун өкүлдөрү тарабынан мониторинг жасалып, текшерилди.
Лагерде быйылкы жай мезгилинде 4 агым уюштурулуп, учурда акыркы агымда 159 бала эс алууда. Жалпысынан быйыл 838 мектеп окуучусу эс алды.
Мониторингдин жүрүшүндө лагерде балдардын күнүмдүк тартиби так уюштурулуп, ар бир саатка ылайык иш-аракеттер пландалып, ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатканы белгилүү болду. Балдардын эс алуусу, ден соолугу жана коопсуздугу үчүн керектүү шарттар түзүлгөн.
Тамак-аш нормалары сакталган, азык-түлүктөр санитардык талаптарга ылайык таза жана жетиштүү көлөмдө берилүүдө. Санитардык-гигиеналык абал талапка жооп берет, медициналык тейлөө да тийиштүү деңгээлде камсыздалган.
Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан берилген тапшырманын негизинде ишке ашырылды.