19.09.2024
Кароолор: (63)
Кыска мөөнөттүү 3 сааттык балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Баластан балдар бакчасынын филиалы болгон кыска мөөнөттүү 3 сааттык балдар бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.
Кыска мөөнөттүү 3 сааттык балдар бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземинде шаардын мэри Н.О.Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов куттукташып, келечек жаштардын колунда – балдарыбызга татыктуу тарбия бериш экендигин жана балдарга тарбия берип жаткан мугалимдерге, ата-энелерге күч-кубат каалап, ыраазычылык билдиришти.
Бул балдар бакчасында 3 тайпада 145 бала билим - тарбия алып жатышат. Санитардык- гигиеналык талаптарга жооп берген шарттар түзүлгөн.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бала бакчанын чатыры оңдолду жана жылытуу системасы орнотулат.
Долбоордун каржылоосу менен балдарды окутуп- тарбиялоо , өнүктүрүү үчүн тарбиячылар атайын курстан өтүшүп, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша окуу куралдар, оюнчуктар, эмеректер, ойноо аянтчалары менен камсыз болду.