03.06.2026
Кароолор: (7)
КЫШКА ДАЯРДЫК ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨР МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Бүгүн, 3-июнда Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаев «Кара-Көл Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасына барып, эмгек жамааты менен жолугушту.
Жолугушууда ишкананын кызматкерлери өздөрүн түйшөлткөн бир катар маселелерди көтөрүштү. Алар май айынын эмгек акысын ала электигин айтып, субсидия маселесин тез арада чечип берүү, электр энергиясын кайра кошуу жана лизинг аркылуу атайын техникаларды алуу боюнча өтүнүчтөрүн билдиришти.
Шаар башчысы кызматкерлердин ар бир суроосун угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмө берди. Ошондой эле жылуулук тармагы үчүн эң жооптуу мезгил болгон күз-кышка даярдыкты азыртан баштоо зарылдыгын белгилеп, тиешелүү иштерди өз убагында аткарууну тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө көйгөйлөр гана айтылбастан, аларды чечүүнүн жолдору да талкууланды.





