Көрүүсү начарлар үчүн версия

07.02.2024

Кароолор: (50)

Кыргызпатент 2024-жылдын 1-февралынан тартып 30-апрелине чейин 2024-жылга өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы ""40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" №411 токтомун ишке ашырып келет. 

Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде жыл сайын “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча 8 (сегизге) чейин инновациялык долбоорлорду, анын ичинде стартаптарды каржылоого каражаттар каралат. Тандалып алынган инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейин, стартапты ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейин өлчөмдөгү акча каражаты берилет.

Жобого ылайык, долбоорлор 5 (беш) айдын ичинде каралат, тандоо 3 этап менен өткөрүлөт. 

Кыргызпатент 2024-жылдын 1-февралынан тартып 30-апрелине чейин 2024-жылга өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштады. Тандоого жеке новаторлор, ошондой эле долбоордук топтор катышууга чакырылат. Тандоонун жобосунун 12-пунктуна ылайык, катышуучулар өтүнмөнүн формасын толтуруп, райондук мамлекеттик администрация аркылуу Кыргызпатентке берүүсү зарыл. 

Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (Тандоонун катчылыгы) ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн башчысы Имангазиева Венера Мэлисовнага төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: (0312) 68 04 71, (0550/504) 40 20 50, электрондук дареги: 40demilge@patent.kg

 

"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө 
жобо

 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1. Жалпы жоболор

"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоодо (мындан ары - тандоо) тартибин аныктайт, тандоодо келип чыккан укуктук жана уюштуруу мамилелерин жөнгө салат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат: 

инновациялык демилге - инновациялык иштин техника-экономикалык, укуктук жана уюштуруу негиздемесин, актуалдуулугун жана практикалык маанисин камтыган инновациялык долбоор (мындан ары - инновациялык долбоор);

стартап - алардын багыты масштабдуу бизнес-моделди издөө, иштеп чыгуу жана текшерүү, өтө белгисиздик шарттарында жаңы продуктуну же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жолу менен конкреттүү көйгөйдү чечүү болуп саналган жаңы долбоор же инновациялык идеяларга негизделген компания;

жаңылык (новация) - рыноктун аныкталган сегменти үчүн колдонулуп жаткан аналогдоруна салыштырмалуу жаңы белгилерге ээ, практикада колдонулуучу, анын негизинде жаңы же өркүндөтүлгөн продукцияны, жаңы же өркүндөтүлгөн технология, жаңы кызмат көрсөтүүлөр, жаңы уюштуруу-техникалык чечим түзүүдө оң экономикалык же башка пайдалуу натыйжа алып келүүгө жөндөмдүү интеллектуалдык иштин натыйжасы (жаңы билим, техникалык же башка чечим, эксперименттик же тажрыйбалык үлгү ж.б.);

уюштуруучу - интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент);

катчылык - Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары - ИМ Мамфонду);

инновациялык долбоорлорду, стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия - курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген комиссия (мындан ары - Комиссия);

комплекстүү экспертиза - ушул Жободо аныкталган критерийлер боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжаларын илимий иштеп чыгууну, коммерциялык пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле алар ишке ашырылган учурда жетишилүүчү социалдык-экономикалык таасирди аныктоо максатында инновациялык долбоорлорго, стартаптарга көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлүүчү илимий-техникалык жана социалдык-экономикалык экспертиза;

насаатчы (ментор) - бизнести жүргүзүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча катышуучуларга кеңеш берүү үчүн тандоонун алкагында ишке тартылуучу ишкердик иш жүргүзгөн адис;

катышуучулар - менчигинин түрүнө карабастан тандоого катышууга өтүнмө берген субъекттер;

бизнес-долбоор - бизнес-процесстерди концептуалдык баяндоо; 

бетачар (питчинг) - инвесторлорду тартуу максатында долбоорлор менен тааныштыруучу иш-чара;

окутуучу программа (акселерация) - окутуунун жана кеңеш берүүнүн, эксперттик колдоо көрсөтүүнүн, ошондой эле потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнүн эсебинен инновациялык долбоорлорду, стартаптарды сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүнүн динамикасы менен интенсивдүү өнүктүрүү. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2. Тандоонун максаты жана милдеттери

 2. Тандоонун негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жетишүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча инновациялык долбоорлорго, стартаптарга өбөлгө түзүү жана аларды илгерилетүү саналат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Тандоонун милдеттери болуп төмөнкүлөргө көмөктөшүү саналат:

- ата мекендик инновациялык экосистеманы өнүктүрүүгө;

- республиканын бардык аймактарында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке жарандардын кызыкчылыгын жана активдүүлүгүн жогорулатууга;

- республиканын аймактарында инновациялык иш жаатындагы атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү калыптандырууга;

- инновациялык долбоорлорду, стартаптарды ишке ашырууга. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Уюштуруучу төмөнкүлөрдү камсыздайт:

- бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды;

- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка тандоо жөнүндө маалымат берүүнү;

- расмий жарыялоо датасына чейин тандоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол бербөөнү.

5. Тандоодон өткөн долбоорлордун саны Комиссиянын чечими менен аныкталат.

 

3. Комиссияны түзүү жана анын функциялары

 6. Комиссиянын курамы 9 адамдан кем эмес санда уюштуруучу тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. Комиссия министрликтердин, ведомстволордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турат.

7. Комиссия:

- тандоонун талаптарына жана критерийлерине ылайык келген инновациялык долбоорлорду, стартаптарды тандайт;

- каржылоодон баш тартылган учурда негиздеме менен, ал эми долбоордук сунушту толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурда эскертүүлөр менен ар бир долбоордук сунуш боюнча чечим кабыл алат;

- уюштуруучунун бекитүүсүнө киргизүү үчүн тандоодо жеңип чыккан инновациялык долбоорлордун, стартаптардын тизмесин түзөт;

- тандоодо жеңип чыккан инновациялык долбоорлор, стартаптар боюнча чыгымдардын сметасын карап чыгат;

- тандоодон өткөн долбоорлор үчүн жоопкерчилик тартат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 

4. Тандоонун катышуучуларына талаптар

 8. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды алууга тандоого катышууга тандоонун талаптарына жооп берген инновациялык долбоорлорду, стартаптарды сунуштаган катышуучуларга уруксат берилет. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Катышуучулар келишимдик негизде жалпы долбоордук программа түзүп, жалпы долбоордук сунуш бере алышат.

10. Тандоонун катышуучулары бериши зарыл болгон милдеттүү документтердин тизмеги:

- бизнес-долбоордун негизги аткаруучуларынын резюмелери жана паспортторунун көчүрмөлөрү;

- тандоонун катышуучуларынын банктык реквизиттери (банктын аталышы, БИК, алыш-бериш эсеби);

- юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- юридикалык жактын уставынын (жобосунун) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- төлөмдөр боюнча карызынын жоктугу тууралуу салык кызматынын аймактык органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн мурдагы жылга баланстык отчеттун көчүрмөсү же салык кызматынын аймактык органдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан берилген маалымкаттар;

- пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчеттун көчүрмөсү.

 

5. Тандоо өткөрүүнүн тартиби

 11. Катчылык жана райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан тандоону өткөрүүнүн тартибин чагылдырууга жалпыга маалымдоо каражаттары тартылат.

12. Тандоого катышуу үчүн катышуучулар тарабынан ушул Жобонун 12-тиркемелерине ылайык форма боюнча өтүнмө толтурулат жана райондук мамлекеттик администрацияга берилет, ал ушул Жобонун 10 жана 13-пункттарына ылайык керектүү материалдардын толуктугу жана комплекттүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:

1) инновациялык долбоорлор:

- долбоордун сыпаттамасы (долбоордун техникалык, экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси, анын ичинде долбоорду ишке ашыруудагы муктаждыктар жөнүндө маалымат);

- маркетингдик талдоо, долбоордун рыногу (максаттуу аудитория, негизги атаандаштар, аналогдору, ички же тышкы рынокко багытталгандыгы жөнүндө маалыматтар, мисалы: айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, медицина, биотехнологиялар, IT ж.у.с.);

- долбоордун бизнес-планы;

- бизнес-долбоорду ишке ашыруунун календардык планы жана чыгымдар сметасы;

- керектүү адистердин болушу, алардын квалификациясы жөнүндө маалымат;

- юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак жоюлган, банкроттукка учураган, экономикалык ишин кайра уюштуруп же убактылуу токтоткон абалда эмес экендигин ырастаган, жетекчи кол койгон маалымкат;

- интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (эгер бар болсо). Интеллектуалдык иштин натыйжаларынын бир нече укук ээлери болгон учурда тандоого катышууга бардык укук ээлеринин макулдугу жөнүндө документтер да тиркелет;

2) стартаптар:

долбоордун бизнес-модели, анда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

- долбоордун инновациялуулугу (долбоордун экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси, стартап-долбоор кандай көйгөйлөрдү чечет же кандай жакшырууларга алып келет жана мурдагы аналогдоруна караганда бир топ жакшыртат);

- стартап рыногу (ички же тышкы рынокко же конкреттүү индустрияга багытталгандыгы, мисалы: айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, медицина, биотехнологиялар, IT ж.у.с.);

- масштабдалуусу (стартап кантип рынокту тез камтып, керектөөчүлөрдү топтой алат, бул процесс үчүн кандай технологиялар же процесстер пайдаланылат);

- монеталаштыруу түзүмү (стартап кантип киреше табат, киреше алуунун модели кандай болот);

- долбоордун күтүлүүчү натыйжалары (керектөөчүлөрдүн, кардарлардын, компаниялардын болжолдуу саны - 1-3 жыл);

- прототип, иштөөчү система/баштапкы продукт барбы (MVP - минималдуу колдонууга жөндөмдүү продукт) жана аны керектөөчүлөр барбы. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Тандоого катышууга өтүнмө жана ага тиркелген документтер райондук мамлекеттик администрация тарабынан катчылыкка (ИМ Мамфондуна) жөнөтүлөт.

15. Сунушталган долбоорлор төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:

1) инновациялык долбоорлор:

- жаңылыгы (новация) - илимий, техникалык, технологиялык;

- экономикалык жана социалдык мааниси (долбоорду ишке ашырууда түзүлгөн жумуш орундарынын саны);

- атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү (ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү);

- ишке ашырылуусу (адам ресурстарынын, жабдуулардын болушу, илимий изилдөөлөрдү, тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгууларды жүргүзүү жана өндүрүштү технологиялык даярдоо);

- натыйжалуулук (рынокту камтуу, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү, бул процесс үчүн жаңы технологияларды пайдалануу);

- инновациялык тобокелдик (жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарууга каражаттарды салууда, рынокто күтүлүүчү суроо-талапка ээ болбой калышы мүмкүн болгон өндүрүш жана башкаруу методдорун киргизүүдө келип чыгуучу жоготуулардын ыктымалдыгы);

- экологиялык коопсуздук (айлана-чөйрөгө жана адамга экологиялык коркунучтун жаратылыштык жана антропогендик факторлорунун терс таасиринин жол берилген деңгээли);

- уюмдардын иш чөйрөсүнүн Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына шайкештиги;

2) стартаптар:

- долбоордун инновациялуулугу (долбоордун экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси);

- ишке ашырылуусу (адам ресурстарынын, жабдуулардын болушу, илимий изилдөөлөрдү, тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгууларды жүргүзүү жана өндүрүштү технологиялык даярдоо);

- натыйжалуулук (рынокту камтуу, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү, бул процесс үчүн жаңы технологияларды пайдалануу). 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Тандоо жүргүзүүнүн мөөнөтү узартылганда же башка өзгөртүүлөр киргизилген учурда катчылык Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондунун расмий сайттарына кошумча маалымат жарыялайт.

17. Катчылык Кыргызпатенттин эксперттери менен биргеликте райондук мамлекеттик администрациялардан зарыл болгон документтер менен өтүнмөлөрдү кабыл алат жана каттайт. Өтүнмөлөрдү кабыл алып бүткөндөн кийин катчылык 14 жумушчу күндүн ичинде документтерди тандоонун талаптарына шайкештигин текшерет. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык) 

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор 17-пункттун расмий тилге карата айырмачылыктары бар.

18. Бардык катышуучулардын тизмеси Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондунун сайттарына жайгаштырылат.

19. Тандоонун жалпы мөөнөтү катчылык инновациялык долбоорлорду, стартаптарды каттаган күндөн тартып 5 (беш) айды түзөт жана 3 этап менен өткөрүлөт. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Биринчи этап. Комиссия бир айлык мөөнөттө катышуучулар акселерациялык программадан өтүшү үчүн инновациялык долбоорлорду, стартаптарды алдын ала тандайт.

Инновациялык долбоорлорду, стартаптарды баалоо үчүн Комиссия инновациялык долбоорлорду, стартаптарды баалоонун индикаторлору менен баалоо барагын толтурат, ал биринчи жыйналышта бекитилет. Баалоо барагы инновациялык долбоорлорго, стартаптарга негизги талаптарды камтышы керек, аларга шайкештик баллдар түрүндө бааланат. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Тандоонун жыйынтыгы Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондунун сайттарына жайгаштырылат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Экинчи этап. Алдын ала тандоодон өткөн катышуучулар бизнес-пландоо, маркетингдик көндүмдөр жана питчинг боюнча эки айлык окутуучу акселерациялык программадан милдеттүү түрдө акысыз негизде өтүшөт, ушуга байланыштуу катчылык тарабынан акселерациялык программаны өткөрүү боюнча уюмдар ишке тартылат.

22. Үчүнчү этап. Катчылык акселерациялык программанын жыйынтыгы боюнча инновациялык долбоорлорду, стартаптарды, алардын тармактык тиешелүүлүгүнө жараша, ушул Жобонун 15-пунктунда аныкталган критерийлер боюнча комплекстүү экспертиза жүргүзүү максатында көз карандысыз эксперттерге жөнөтөт.

Комиссия акселерациялык программаны өткөргөн уюмдун сунуштамаларынын жана көз карандысыз эксперттердин, Кыргызпатенттин тармактык эксперттеринин баалоосунун негизинде долбоордун түрүн: инновациялык долбоор, стартап экендигин аныктоо укугу менен катышуучулардын презентацияларын угат жана талдайт. 

Комиссиянын жыйналышында чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат, мында добуштар тең чыккан учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

Үчүнчү этаптын мөөнөтү 2 (эки) айдан ашпашы керек. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Тандоонун жыйынтыгы боюнча ар бир инновациялык долбоор, стартап боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:

- долбоордук сунушка ылайык каржылоо;

- жарым-жартылай каржылоо;

- каржылоодон баш тартуу. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Комиссиянын тандалган инновациялык долбоорлорду, стартаптарды ишке ашырууга финансылык каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө чечими катчылык тарабынан андан ары аткаруу үчүн уюштуруучуга жөнөтүлөт. Өткөрүлгөн тандоонун жыйынтыктары Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондунун сайттарына жайгаштырылат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 

6. Инновациялык долбоорду жана стартапты ишке ашыруу 

(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 25. Тандоонун жеңүүчүлөрү инновациялык долбоорду же стартапты ишке ашыруу жөнүндө келишимдин аткаруучулары болуп саналат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Комиссиянын чечиминин негизинде ИМ Мамфонду жеңүүчү менен инновациялык долбоорду же стартапты ишке ашыруу жөнүндө келишим (мындан ары - Келишим) түзөт. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 

7. Тандалган инновациялык долбоорлорду, стартаптарды каржылоо 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 27. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде жыл сайын "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан 8ге (сегизге) чейинки инновациялык долбоорлорду, анын ичинде стартаптарды Кыргызпатенттин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен каржылоого акча каражаты каралат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

28. Инновациялык долбоорлорду, стартаптарды каржылоо ИМ Мамфонду тарабынан жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

29. Катчылык инновациялык долбоордун, стартаптардын аткаруучусу берген эсептөөлөрдүн туура түзүлгөндүгүн текшерет. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

30. Тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейинки, бир стартапты ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражаты бөлүнөт. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

31. Инновациялык долбоорду, стартапты каржылоо Келишимге ылайык акча каражатын өздөштүрүүгө жараша жүзөгө ашырылат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 

8. Инновациялык долбоорлорду, стартаптарды ишке ашырууга багытталган каражаттарды пайдаланууну контролдоо жана мониторинг жүргүзүү 

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 32. Уюштуруучу долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү аркылуу инновациялык долбоорлорду, стартаптарды аткарууга багытталган финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоого укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

33. Инновациялык долбоорду, стартапты аткаруучунун ишине мониторинг жүргүзүү катчылык менен аткаруучунун ортосунда түзүлгөн Келишимде каралат. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

34. Зарыл болгон учурда катчылык инновациялык долбоорлордун, стартаптардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө көз карандысыз эксперттерди тарта алат, ошондой эле аткаруучу тарабынан Келишимдин шарттары сакталбаган учурда, ИМ Мамфонду бул долбоорду каржылоону токтотууга укуктуу жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттар ИМ Мамфондунун атайын эсебинин алыш-бериш эсебине калыбына келтирилүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 

  

"40 райондон 40 демилге" 

долбоору боюнча 

Кыргыз Республикасынын 

аймактарында иштелип 

чыккан инновациялык 

демилгелерди тандоо 

тартиби жөнүндө жобого 
1-тиркеме

 

  

Интеллектуалдык менчик жана 

инновациялар чөйрөсүндөгү 

ыйгарым укуктуу мамлекеттик 

орган (Кыргызпатент)

 

"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоого катышууга 
өтүнмө 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Берилген өтүнмөнү карап чыгып, "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун катышуучуларынын санына киргизүүнү өтүнөм.

Өтүнмө ээсинин аты-жөнү, туулган датасы 
Юридикалык жактын аталышы 
Юридикалык жактардын милдеттүү документтеринин тизмеги: 
- юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;_____ баракта жана/же электрондук түрдө
- юридикалык жактын уставынын (жобосунун) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;_____ баракта жана/же электрондук түрдө
- төлөмдөр боюнча карызынын жоктугу тууралуу салык кызматынын аймактык органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн мурдагы жылга баланстык отчеттун көчүрмөсү же салык кызматынын аймактык органдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан берилген маалымкаттар;_____ баракта жана/же электрондук түрдө
- пайда жана чыгымдар жөнүндө отчеттун көчүрмөсү____ баракта жана/же электрондук түрдө

Долбоордук команданын курамы 

- долбоордук команданын бардык мүчөлөрүнүн аты-жөнү, туулган даталары көрсөтүлсүн;

 
- бизнес-долбоордун негизги аткаруучуларынын резюмелери жана паспортторунун көчүрмөлөрү____ баракта жана/же электрондук түрдө
Өтүнмө ээсинин жайгашкан дареги (иш жүзүндө) 
Өтүнмө ээсинин жеке маалыматтары (паспортунун №) 
Өтүнмө ээсинин почта дареги 
Өтүнмө ээсинин e-mail 
Байланыш телефону (моб.) 
Банктык реквизиттер (банктын аталышы, БИК, алыш-бериш эсеби) 
Инновациялык демилгенин аталышы (мындан ары - долбоор) 
Долбоордун кыскача сыпаттамасы 
Долбоордун арналышы, пайдалануу жааты 
Долбоордун жалпы наркы (сом менен)__________ сом
Суралган акчалай суммасы (сом менен)__________ сом
Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет: 
1) долбоордун сыпаттамасы (долбоордун техникалык, экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси, долбоор кандай көйгөйдү чечет же кандай жакшыртууларды алып келет, ишке ашыруудагы керектөөлөр жөнүндө маалымат);____ баракта жана/же электрондук түрдө
2) маркетингдик талдоо, долбоордун рыногу (максаттуу аудитория, негизги атаандаштары, аналогдору, ички же тышкы рынокко багытталгандыгы жөнүндө маалыматтар, мисалы: айыл чарба, кен өнөр жайы, медицина, биотехнологиялар, IT ж.б.);____ баракта жана/же электрондук түрдө
3) долбоордун бизнес-планы;____ баракта жана/же электрондук түрдө
4) долбоордун бизнес-планын ишке ашыруунун календардык планы жана чыгымдардын сметасы;____ баракта жана/же электрондук түрдө
5) тийиштүү адистердин болушу, алардын квалификациясы жөнүндө маалыматтар;____ баракта жана/же электрондук түрдө
6) юридикалык жактар үчүн: юридикалык жактын жоюлган, банкротко учураган, кайра уюштурулган же экономикалык иши токтогон абалда эместигин тастыктаган жетекчисинин колу коюлган маалымкат;____ баракта жана/же электрондук түрдө
7) интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо). Интеллектуалдык иштин натыйжаларына бир нече укук ээлери болгон учурда, тандоого катышууга бардык укук ээлеринин макулдугу жөнүндө документтер даты тиркелет;____ баракта жана/же электрондук түрдө
8) долбоордун бетачары____ баракта жана/же электрондук түрдө
Мен, "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жободо баяндалган тандоонун шарттары менен таанышкандыгымды жана макулдугумду тастыктайм.

Мен, ушул өтүнмөдө көрсөтүлгөн бардык маалыматтар өтүнмө берген учурга карата так жана анык экендигин тастыктайм.

Мен, уюштуруучулардын жана долбоорду тандоо боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн чечими акыркы чечим болуп саналарына макулмун.

 

Өтүнмө ээсинин аты-жөнү: __________________________________________________________ 

Колу: _____________________

                                                                    Дата: ___________________

 

"40 райондон 40 демилге" 

долбоору боюнча Кыргыз 

Республикасынын аймактарында 

иштелип чыккан инновациялык 

демилгелерди тандоо тартиби 

жөнүндө жобого 2-тиркеме

 

 

Интеллектуалдык менчик жана 

инновациялар чөйрөсүндөгү 

ыйгарым укуктуу мамлекеттик 

орган (Кыргызпатент)

 

"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын 
аймактарында иштелип чыккан стартаптарды тандоого катышууга /
өтүнмө 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Өтүнмөнү карап чыгып, "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан стартаптарды тандоонун катышуучуларынын санына киргизүүнү өтүнөм.

 

Өтүнмө ээсинин аты-жөнү, туулган датасы 

Команда

(Команданын бардык мүчөлөрүнүн аты-жөнү, туулган датасы)

1.

2.

3.

Өтүнмө ээсинин жашаган дареги (иш жүзүндөгү)

Өтүнмө ээсинин - команданын лидеринин жеке маалыматтары (паспорт №)

 
Өтүнмө ээсинин почта дареги 
Өтүнмө ээсинин E-mail 
Байланыш телефону (моб.) 
Стартап-долбоордун аталышы 
Иштин түрү (өндүрүш, продукттар, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) 
Долбоордун инновациялуулугу (долбоордун экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси, стартап-долбоор кандай көйгөйлөрдү чечет же кандай жакшырууларга алып келет жана мурдагы аналогдоруна караганда бир топ жакшыртат)100дөн ашпаган сөз
Стартап рыногу (ички же тышкы рынокко же конкреттүү индустрияга багытталгандыгы, мисалы: айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, медицина, биотехнологиялар, IT ж.у.с.)100дөн ашпаган сөз
Долбоор канчалык тез масштабдалат (стартап кантип рынокту тез камтып, керектөөчүлөрдү топтой алат, бул процесс үчүн кандай технологиялар же процесстер пайдаланылат)100дөн ашпаган сөз
Монеталаштыруу түзүмү (стартап кантип киреше табат, киреше алуунун модели кандай болот)100дөн ашпаган сөз
Долбоорду ишке ашыруу үчүн ресурстар (финансы) жана суралган сумма100дөн ашпаган сөз
Долбоордун күтүлүүчү натыйжалары (керектөөчүлөрдүн, кардарлардын, компаниялардын болжолдуу саны - 1-3 жыл)100дөн ашпаган сөз
Прототип, иштөөчү система/баштапкы продукт барбы (MVP) жана аны керектөөчүлөр барбы100дөн ашпаган сөз
Атаандаштар жана мүмкүн болгон тобокелдиктер (глобалдуу рыноктор) 

Мен "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жободо баяндалган тандоонун шарттары менен таанышкандыгымды жана макулдугумду ырастайм.

Мен ушул өтүнмөдө көрсөтүлгөн бардык маалыматтар өтүнмө берген учурга карата анык экендигин ырастайм.

Мен уюштуруучулардын жана Долбоорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн чечими акыркы чечим болуп саналарына макулмун.

Өтүнмө ээсинин аты-жөнү (толугу менен):

 

Колу:______________________

                                                              Датасы:_______________