Көрүүсү начарлар үчүн версия

20.12.2023

Кароолор: (254)

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук орган кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо

Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович шаарыбыздын улуттук коопсуздук тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук орган кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Урматтуу улуттук коопсуздук орган кызматкерлери! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Улуттук коопсуздук орган кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм. Сиздердин ары түйшүктүү, ары татаал, ары сыймыктуу кесибиңиздер  жогорку жоопкерчиликти, эрктүүлүктү жана чечкиндүүлүктү талап кылат. Бул жогорку сапаттар баарыңыздарда бар. Сиздердин туура жана так иш-аракеттериңиздердин артынан, тактап айтканда  мыйзамдуулук жана коопсуздукту сактоо менен шаарыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө эбегейсиз зор салым кошуп келесиздер. Ушул майрам күнү баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана шаарыбыздын, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө багытталган тынымы жок ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Урматым менен,

Кара-Көл шаарынын мэри Т.Т.Конкобаев”