31.08.2024
Кароолор: (199)
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы белгиленди

Бүгүн "Энергетик" стадионунда Кара Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Кара-Көл шаарынын тургундарын жана конокторун шаардын мэри Н.О.Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов куттуктады. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө” Жарлыгынын негизинде атайын даярдалган “Улуу көчтү улаган эгемен элбиз — Кыргызстан” аттуу майрамдык театрлаштырылган спектакль коюлду. Мындан сырткары, маданият бөлүмүнүн мыктылары концерт тартуулап, шаардык жаштар жана спорт бөлүмү жаш өспүрүмдөр арасында улуттук оюндарды уюштуруп өткөрүштү. Шаардын мэри Н.О.Орозбаев күрөш оюндарынын байге фондуна материалдык колдоо көрсөтүп, оюндарды мыкты деңгээлде өткөрүүнү табыштады.
Мындан сырткары, Токтогул ГЭСтер Каскады жана Камбарата ГЭСи тарабынан боз үйлөр тигилип, этнофуршет уюштурулду.