Көрүүсү начарлар үчүн версия

02.10.2023

Кароолор: (48)

Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилген

КЫРГЫЗ   РЕСПУБЛИКАСЫНЫН   МИНИСТРЛЕР  КАБИНЕТИНИН   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 22-марты № 155

 

Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө

 

Ишкердик субъекттеринин экономикалык активдүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыздоо, инвестициялык климатты жакшыртуу максатында, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1317-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду аныктоо, аларды Кыргыз Республикасындагы ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун реестрине киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасындагы ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун реестринин (мындан ары - Реестр) оператору болуп;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун тизмесин түзүүгө жана Комиссиянын кароосуна жиберүүгө жооптуу болуп;

- Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) тиешелүү шаарлардын аймагында ишин жүзөгө ашырган ишкердик субъекттеринен келип түшкөн ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун тизмесин түзүүгө жана Комиссиянын кароосуна жиберүүгө жооптуу болуп.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Реестрди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча чараларды көрсүн.

5. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген аныкталган факторлорду чечүү боюнча чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 22-мартындагы
№ 155 токтомуна

Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин (мындан ары - Реестр) түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктайт.

Реестр боюнча иш жүргүзүү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.

2. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:

жагымсыз фактор - ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине терс таасир тийгизген себеп;

Реестр - ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун топтомунун автоматташтырылган электрондук системасы;

ыйгарым укуктуу орган - ишкердик ишти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган, Реестрди түзүүгө жана жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик орган;

комиссия - ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин төрагалыгы астында Реестрге киргизилүүгө тийиш болгон ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия;

жооптуу орган - жагымсыз фактор пайда болгон тиешелүү тармакта саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

фактордун паспорту - ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык бекитилген форма, ал системалык жагымсыз факторлор жөнүндө маалыматты камтыйт;

факторлорду каттоо - Реестрге бекитүү (жазуу) электрондук-санариптик форматта жүзөгө ашырылат;

оператор - Реестрди жүргүзүүнү башкарууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик/муниципалдык орган же башка уюм.

3. Жагымсыз факторлорго төмөнкүлөр кирет:

1) ишкердик ишти жүзөгө ашырууда системалуу туруктуу чыгымдарга жана жоготууларга алып келген фактор;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында коррупциялык тобокелдиктерге алып келген фактор;

3) ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктардан, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик укуктук актылар аткарылбагандыктан пайда болгон фактор;

4) инфраструктуралык объекттерге жетүү (инженердик тармактарга/ирригацияларга/транспорттук жолдорго жетүү) процессинде пайда болгон фактор;

5) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү процессинде пайда болгон фактор;

6) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат адамдарынын аракеттери же аракетсиздиги процессинде, ошондой эле ишкердик субъекттеринин мамлекеттик же муниципалдык орган менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка формаларында пайда болгон фактор.

4. Фактордун паспортунда төмөнкүдөй реквизиттер чагылдырылат:

- жагымсыз фактордун сүрөттөлүшү;

- жагымсыз фактордун пайда болуу себептери;

- жагымсыз фактор кантип жана кайсы мезгилде белгиленген;

- билдирүүчү (ишкердик субъекттеринин союзу (бирикмеси/ассоциациясы);

- аймактык жайгашуу (регион);

- ишкердик субъектинин тиби (чакан, орто, өнөр жай ишканасы);

- экономикалык иштин тармагы жана түрү;

- жагымсыз фактор пайда болгон тиешелүү тармакта саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- аткаруу мөөнөтү;

- ишке ашыруу статусу.

2. Реестрди түзүү тартиби

5. Реестр төмөнкүдөй булактардан алынган факторлордон жана маалыматтардан түзүлөт:

Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан координациялануучу консультативдик-кеңешүүчү аянтчалардан;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн;

- ишкердик ишинин субъекттеринин союздарынан (бирикмелеринен/ассоциацияларынан);

- ишкердик ишинин субъекттеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдан (Бизнес-акыйкатчы).

6. Реестрди түзүү ыйгарым укуктуу органдын сайтында жайгашкан Реестрдин автоматташтырылган электрондук системасын Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагында электрондук толтуруу аркылуу жүзөгө ашырылат.

7. Жагымсыз факторлор жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана уюмдардын өкүлдөрү тарабынан жагымсыз фактордун бар экендигин ырастаган фактыларды жана толук жана такталган маалыматтарды көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.

8. Жагымсыз факторлор боюнча маалыматтарды киргизүү ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан электрондук ачкычты (логин/пароль) колдонуу жолу менен уруксат берилген жетүү аркылуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана уюмдун электрондук кабинети аркылуу жүзөгө ашырылат.

9. Ишкердик субъекттеринин жагымсыз факторлор жөнүндө кайрылууларды берүүсү аймагында ишкердик иши жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

10. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары туруктуу негизде ишкердик ишинин субъекттери менен өз ара аракеттенет, жагымсыз факторлор жөнүндө кайрылууларды чогултат жана аларды ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген критерийлерди эске алуу менен Реестрге киргизет.

11. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен аныкталган жагымсыз факторлорду Реестрдин автоматташтырылган электрондук системасына киргизет.

12. Реестрдин автоматташтырылган электрондук системасы жагымсыз факторлордун топтомун тармактык багыттары боюнча бөлүштүрөт жана Комиссияда каралуучу болжолдуу тизмеде алгачкы тандоону жүргүзөт.

13. Экинчи тандоо оператор тарабынан жүзөгө ашырылат жана Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү акыркы тизмеге киргизилет.

14. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан тизме түзүлгөндөн кийин Комиссия ар бир жагымсыз факторду карап чыгат жана ошол фактордун ишкердик субъектинин экономикалык ишине терс таасири бар же жок экендигин аныктайт. Жагымсыз факторду аныктоодо анын паспортун Реестрге киргизет.

15. Комиссия кызыкдар мамлекеттик органдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү чөйрөдөгү түзүмдүк бөлүмдөрүн жана ишкердик ишинин субъекттеринин союздарынын (бирикмелеринин/ассоциацияларынын) өкүлдөрүн тартуу менен беш жумуш күндүн ичинде аныкталган жагымсыз факторлорду чечүү боюнча иш-чараларды жана чараларды аныктайт жана кийин аныкталган жагымсыз факторлорду чечүү боюнча чараларды көрүүгө жооптуу органдарга тапшырма берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберет.

16. Комиссиянын оператор менен өз ара аракеттенүү тартиби жана Комиссиянын иш регламенти ишкердикти өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

3. Реестрди жүргүзүү тартиби

17. Реестрди жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жагымсыз факторлордун паспортун башкаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.

18. Тиешелүү чараларды көрүү процессинде жооптуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жиберет.

19. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдардын маалыматтарын топтойт жана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен жооптуу органдар тарабынан тиешелүү иш-чаралардын аткарылуу статусун аныктоо үчүн Комиссиянын жыйналышын өткөрөт.

20. Комиссиянын кезектеги жыйналышын өткөрүү датасы ушул Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан башка күндөрдө, бирок отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен аныкталышы мүмкүн.

21. Комиссия келип түшкөн маалыматтарды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча аткаруу статусун аныктайт (аткарылды/аткаруу стадиясында/аткарылган жок), ыйгарым укуктуу орган Реестрдин паспортунда аткаруу статусунун тиешелүү түсүн (жашыл/сары/кызыл) белгилейт.

22. Жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу статусу ишкердик ишинин субъекттеринин союздарынын (бирикмелеринин/ассоциацияларынын), ошондой эле жагымсыз фактор жөнүндө кайрылуу берген ишкердик субъектинин өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде өзгөрүлөт ("аткаруу стадиясынан" "аткарылды" болуп).

23. Реестрде жооптуу мамлекеттик органдардын аткаруу статусу төмөнкү түстөр менен белгиленет:

жашыл - аткарылды;

сары - аткаруу стадиясында;

кызыл - аткарылган жок.

24. Ыйгарым укуктуу орган Реестрдин тиешелүү кошумча бөлүмүндө жооптуу органдар тарабынан көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен жооптуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду чечүү жөнүндө ишкердик ишинин субъекттеринин союздарынын (бирикмелеринин/ассоциацияларынын) катынын электрондук вариантын жайгаштырат.

 

4. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги

25. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулат.

 

 

 

Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун
1-тиркемеси

Форма

Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестри

Жагымсыз фактор

Субъекттер/жагымсыз фактор таасирин тийгизген ишкердик субъекттеринин ассоциациясы

Экономикалык иштин тармагы

Облус (анын ичинде Бишкек/Ош шаарлары)

Жооптуу мамлекеттик орган (аты-жөнү, кызмат орду, кызматкердин-аткаруучунун байланыш маалыматтары)

Чаралар/иш-аракеттер

Жагымсыз факторду чечүү статусу (ишкердик ишинин субъекттеринин союздарынын (бирикмелеринин/ассоциацияларынын) жагымсыз факторду чечүү жөнүндө катынын электрондук-графикалык варианты бар болсо)

1

       

2

       

 

 

 

Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун
2-тиркемеси

Форма

Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин  тийгизген фактордун паспорту

Жагымсыз факторду сүрөттөө:
Жагымсыз фактордун пайда болуу себептери:
Жагымсыз фактор кантип жана кайсы мезгилде белгиленген:
Билдирүүчү - Ишкердик субъекттеринин союзу (бирикмеси/ассоциациясы):
Ишкердик субъектинин тиби (чакан, орто, өнөр жай ишканасы):
Чет өлкөлүк катышуу (бар болсо):
Аймактык жайгашуу (регион):
Экономикалык иштин тармагы жана түрү:
Жагымсыз фактор пайда болгон тиешелүү тармакта саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
Аткаруу мөөнөтү:
Аткаруу статусу:

 

 

 

Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун
3-тиркемеси

 

Форма

Кыргыз Республикасындагы ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрине кайрылуу

Билдирүүчү - Ишкердик субъекттеринин союзу (бирикмеси/ассоциациясы):
Ишкердик субъектинин тиби (чакан, орто, өнөр жай ишканасы):
Экономикалык иштин тармагы жана түрү:
Чет өлкөлүк катышуу (эгер бар болсо, анда чет өлкөлүк катышуунун формасын жазуу):
Аймактык жайгашуу (регион):
Жагымсыз факторду сүрөттөө:
Жагымсыз фактордун пайда болуу себептери:
Жагымсыз фактор кантип жана кайсы мезгилде белгиленген:
Жагымсыз фактор пайда болгон тиешелүү тармакта саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы:
Жагымсыз факторду жок кылуу боюнча кандай чараларды көрүү зарыл:

 

2-тиркеме

Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду аныктоо, аларды Кыргыз Республикасындагы ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун реестрине киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри - комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары - комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча);

ишкердик ишинин субъекттеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы);

экономикалык иштин тийиштүү чөйрөсүндө ишкердик субъекттеринин союздарынын (бирикмелеринин/ассоциацияларынын) жетекчилери (макулдашуу боюнча).