Көрүүсү начарлар үчүн версия

24.11.2023

Кароолор: (490)

Кылычбек уулу Бусурманкулдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өткөрүлүүдө

Бүгүн, 2023-жылдын 24-ноябрында "Энергетик" спорткомплексинде эркин күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону Кылычбек уулу Бусурманкулдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өткөрүлүүдө.
Мелдештин ачылыш аземине Кара-Көл шаарынын мэри Т.Т.Конкобаев, мэрдин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаев жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Шаарыбыздын мэри Т.Т.Конкобаев өз сөзүндө мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады. 
Эл аралык мелдешке катышуу үчүн эркин күрөш боюнча спортчулар Өзбекстандан жана Кыргызстандын жети дубанынан келишкен.