16.04.2026
Кароолор: (5)
КЫЛМЫШ БИР МҮНӨТТӨ БАШТАЛАТ ...АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ
Бүгүн, 16-апрель күнү Кара-Көл шаарында “Кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Жаңылкан Кокумбаева, прокурордун милдетин аткаруучу Мажитов Эмилбек, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча улук тескөөчүсү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери, шаардын имамы Керимкулов Санжар катышты. Алар укук бузуулардын алдын алуу, жаштардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана мыйзамды урматтоо боюнча мазмундуу баяндамаларды жасашты.
Иш-чаранын алкагында кылмыштуулуктун кесепеттери тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, окуучуларга терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, Ч. Түлөбердиев атындагы №2 мектептин окуучулары тарабынан кылмыштуулук темасында тарбиялык сахналык көрүнүш коюлуп, катышуучуларга терең таасир калтырды. Сахнаны жогорку деңгээлде аткарган окуучуларга китептер белекке берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгында жаштарды мыйзамдуулукту сактоого, туура жолду тандап, коомдо активдүү жана жоопкерчиликтүү жаран болууга чакырыктар айтылды.









