Көрүүсү начарлар үчүн версия

01.07.2024

Кароолор: (70)

Куткаруучуларды куттуктоо

Урматтуу куткаруучулар!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын куткаруучулар күнү менен куттуктайм!

Куткаруучулардын иши өтө татаал, көп кырдуу жана опурталдуу. Кандай гана катаал кырдаалдарда болбосун куткаруучулар ар дайым ыкчам жана чечкиндүү аракеттерге даяр болушат.

Сиздер түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, күн сайын өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салуу менен табияттын күтүлбөгөн кырсыктарына каршы чыныгы баатырларча күрөшүп келесиздер.

2024-жылдын 23-июнь күнү Кара-Көл шаарынын Бишкек-Ош унаа жолундагы 364-375- чакырымында катуу жамгырдан сел жүрүп, болжолдуу көлөмү 52000м3 шагыл аралаш таштар кулап жолду жаап калган учурда сел кырсыгын жоюуда кызматтык милдеттеринерди чеберчилик менен так аткарып, калктын коопсуздугун сактап, чын жүрөгү менен берилип, күжүрмөн эмгек жасагандыгынар үчүн Сиздерге дагы бир жолу терең ыраазычылык билдиребиз.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат турмуш, татаал жана жооптуу ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм.

Жараткан колдоп, жергебизде тынчтык, элибиз бөөдө кырсыктан тышкары болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен, Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович