Көрүүсү начарлар үчүн версия

17.10.2023

Кароолор: (42)

Курултай жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №215 сандуу Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган шаардык кеңештин 04.10.2023-ж. "Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө” №144/31-8-токтому менен бекитилген графикке ылайык 2023-жылдын 18-октябрында саат 18:00до Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык мектебинин залында Кара-Көл шаарынын өкүлчүлүктүү жыйыны өтөт. 

    Жыйынга Сабиров-22ден баштап (Бишкек-Ош трассасынын оң жана сол жээгиндеги үйлөр) Сабиров звёздочка1-2, Токтогул, Рахимов, Ак-Таш, Төрөкулов, Кайыңды, Кара-Көл көчөлөрүнүн жашоочулары келип катышыңыздар..