Көрүүсү начарлар үчүн версия

16.10.2023

Кароолор: (48)

Курултай жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №215 сандуу Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган шаардык кеңештин 04.10.2023-ж. "Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө №144/31-8-токтому менен бекитилген графикке ылайык 2023-жылдын 17-октябрында Токтогул атындагы №1-мектеп-гимназиянын чоң залында жыйын өтөт. Жыйынга Ленин, Панфилов, Масиров, К.Турусбеков, Акынай, Каипов, Мамытов, КИЭ, Чон-Таш, Кыргыз, Сабиров көчөлөрүнүн жашоочулары келип катышыңыздар.