13.10.2023
Кароолор: (52)
Курултай жөнүндө
Урматтуу шаар тургундары! Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2023-жылдын 29-августундагы №215 сандуу Жарлыгынын неизинде Кара-Көл шаардык кеңеши 2023-жылдын 04-сентябрында “Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө” №144/31-8 сандуу токтом кабыл алган. Токтом менен бекитилген гарфикке ылайык 2023-жылдын 16-октябрынан баштап 21-октябрына чейин шаардын аймактарында жана Жазы-Кечүү, Кетмен Төбө айылдарында шаардын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйындары өтөт.
16-октябрда саат 18:00до Серый, Бакешов, Энергетиктер, Исанов, Бокомбаев, Жээн-Кыштоо, Ы.Курманалиев, Хуриев, Умралин көчөлөрүнүн жашоочулары №3 М.В.Фрунзе атындагы мектептин чоң залында өтө турган жыйынга келип катышыңыздар