Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.09.2024

Кароолор: (38)

КУРМАНБЕК АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНДА КООМДУК АЛДЫН АЛУУ БОРБОРЛОРУНУН ИШ-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУСУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 

Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруу мекемесинин алдындагы Коомдык алдын алуу борборунда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук бузуулардын алдын алуусу» аталышындагы иш-чара өттү.

Ага Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, Жазы-Кечүү айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы К.А.Таштанкулова, Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы С.Ж.Ниязалиев,
КААБнун мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, Saferworld (Сейферуорлд) эл аралык уюмунун жана "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты - жарандардын милиция жана бийлик органдарынын ортосундагы социалдык кызматташтыкты алдыга жылдыруу, өз-ара байланышты жакшыртуу боюнча иштеп жаткан коомдук
алдын алуу борборлорунун жергиликтүү деңгээлдеги укук бузууларды алдын алуусу боюнча иш тажрыйбалары менен таанышуу болуп саналат.