27.05.2026
Кароолор: (8)
КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ ӨЗГӨЧӨ МААНАЙДА БЕЛГИЛЕНДИ.
Бүгүн, 27- май борбордук мечитте Курман айт намазы окулуп, ага шаар башчысы Эдилбек Тажимырзаев жана шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов катышты.
Шаардын баш имам-хатиби Санжарбек Керимкулов ажынын маалыматына ылайык, айт намазга болжол менен 3 миңдей адам чогулду.
Айт намазынын алдында элдин ынтымагы, биримдиги, аксакалдарды урматтоо, жаштарды ызаттоо жана далилденбеген ушак-айыңдардан алыс болуунун мааниси тууралуу баяндар айтылды.
Курман айт — боорукерликти, сабырдуулукту жана өз ара сый-урматты даңазалаган ыйык майрам. Майрамдын ар бир үйгө береке, тынчтык жана ынтымак алып келүүсү тиленди.
Курман айт майрамын Кара-Көл шаарынын Токтогул көчөсүнүн тургундары өзгөчө маанайда өткөрүүдө.
Майрамга карата көчөнүн жаш келиндери жашаган аймагын кооздоп, майрамдык маанай тартуулашты.
Бул саамалыкка шаар башчысы Эдилбек Тажимырзаев катышып, тургундарды ыйык майрам менен куттуктады.
Ошондой эле жаш балдарга балмуздак, таттуулар жана оюнчуктар таратылып, аларга кубаныч тартууланды.
Мындай демилгелер коңшу-колоңдордун ынтымагын бекемдеп, улуттук баалуулуктарды жана майрамдык салттарды жайылтууга өбөлгө түзөт. Курман айттын негизги маңызы болгон боорукерлик, кайрымдуулук жана биримдик дагы бир жолу даңазаланды.
Мындан сырткары курман айт майрамына арналган шаардык иш-чара “Энергетик” сеил багында уланууда.

