Көрүүсү начарлар үчүн версия

10.12.2025

Кароолор: (12)

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ

9–10-декабрь күндөрү Кара-Көл шаарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар уюштурулду. Алгач иш-чара И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында, андан соң №89 кесиптик лицейде өткөрүлүп, ага шаардын прокурору Ильичбек Исамамбетов жана окуу жайлардын студенттери катышты.

Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө тегерек стол шаар мэриясында өткөрүлүп, шаар мэри Нуртилек Орозбаев, шаардын прокурору Ильичбек Исамамбетов, мекеме-ишканалардын тиешелүү кызматкерлери катышышты.

Жогорудагы иш-чаралардын жүрүшүндө шаардын прокурору коррупцияга каршы күрөшүү багытында көрүлүп жаткан чаралар, Стратегиянын маңызы, максаты, милдеттери жана аны ишке ашыруунун негизги принциптери жөнүндө катышуучуларга кеңири маалымат берди.

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы "2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" №137 Жарлыгынын негизинде бекитилген мамлекеттик Стратегиянын алкагында, коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана коррупцияга каршы саясатты жайылтуу максатында өткөрүлдү.