Көрүүсү начарлар үчүн версия

27.08.2025

Кароолор: (12)

КӨПТӨН БЕРИ ЧЕЧИЛБЕГЕН МАСЕЛЕГЕ ЧЕКИТ КОЮЛДУ

Бүгүн Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев ата-энесинин камкордугунан ажыраган 9 шаар тургунун кабыл алып, алар жашап жаткан муниципалдык турак жайларды өз менчигине өткөрүп берди.

Анткени алар буга чейин жашаган муниципалдык батирлерин менчиктештирүү боюнча арыз жазып, кайрылышкан.

Белгилей кетсек аталган батирлер 2008- жылдан 2013- жылга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып берилип, ушул күнгө чейин жашап келишкен.

Аталган батирлерди шаардык кеңештин токтомунун негизинде, мэрия тарабынан 9 жарандын өз менчигине акысыз өткөрүлүп берилди. Ошондой эле аларга мамлекеттик каттоо мекемесинен менчик укуктарын каттоо жана турак үйдү камсыздандыруу чыгымдарын төлөө үчүн ар бирине мэрдин резервдик фондунан 3000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.