Көрүүсү начарлар үчүн версия

20.02.2026

Кароолор: (6)

КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кара-Көл шаарында коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү. Иш-чара шаар мэри Нуртилек Орозбаевдин жетекчилиги алдында өтүп, ага шаар прокурору, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кара-Көл шаарындагы бөлүмүнүн жетекчиси, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, 7706 аскер бөлүгүнүн, ӨКМБнүн жана шаардык аскер комиссариатынын жетекчилери катышты.

Жыйын мамлекеттик органдардын өз ара координациясын күчөтүү жана шаар аймагындагы укуктук тартипти бекемдөө максатында уюштурулду.

Күн тартибинде шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2025-жылга карата кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилди.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укуктук тартипти чыңдоо боюнча иштерди күчөтүү, профилактикалык иш-чараларды улантуу боюнча тапшырмалар берилди.