Көрүүсү начарлар үчүн версия

25.09.2024

Кароолор: (35)

Комсомол көлүнүн түштүк тарабындагы көпүрөсүндө тыгылдан жоон шак, чырпык ,отун агындылары тазаланды

25.09.2024жыл.
Кара-Көл шаарынын мэри, Жарандык коргоонуунун башчысы Н.О.Орозбаев комиссия мүчөлөрү менен  Кара-Көл шаарынын Кара-Суу дарыясынын бойундагы Комсомол көлүнүн түштүк тарабындагы  көпүрөнүн абалын  жеринен көрдү жана ооз эки буйругунун негизинде Кара-Көл шаарынын Кара-Суу дарыясынын бойундагы  үчүн, Кара-Көл шаары боюнча ӨКБнүн  капитан Б.Анаркул уулунун жетекчилигинде  1 бирдик куткаруучу авто унаа менен 9 куткаруучу, КТГЭСтен 1 бирдик кран  тартылып тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Натыйжада болжол менен 4 кубка жакын шак, жыгач, отун агындылары тазаланды.