Көрүүсү начарлар үчүн версия

06.09.2024

Кароолор: (68)

Коллегия өткөрүлдү

        Бүгүн, мэриянын кичи жыйындар залында коллегия өткөрүлдү. Коллегиянын күн тартибинде 2 маселе каралды:

  1. 2024-жылдын 6 айында Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык программасынын аткарылышы жөнүндө
  2. Шаардык билим берүү мекемелеринин жаңы 2024/2025-окуу жылына даярдыгы жөнүндө

     Биринчи маселе боюнча шаардын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаев баяндама берип, коллегия мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго кошумча баяндамачылар Мамлекеттик   салык кызматынын  Кара-Көл  шаары    боюнча башкармалыгынын башчысы У.А.Жумашев жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы М.С.Курамаев менен биргеликте жооп беришти. Ал эми, күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча Кыргызбай кызы Гүлназира кеңири баяндама берип, негизинен 2024-2025-окуу жылында окуучулардын саны өсүп, жаш мугалимдер жумушка тартылгандыгын, жетишпеген кадр маселеси чечилип жаткандыгын белгиледи.

  Шаардын мэри Н.О.Орозбаев Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык программасын ишке ашырууда жетекчилерди биргеликте ынтымакта иштеп, шаарыбызды өнүктүрүүгө салым кошуу ар бир жетекчинин, кызматкердин милдети экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына жалпы билим берүү мектептеринде билим сапатына өзгөчө көңүл бууруну эскертти.

   Мындан сырткары, мекеме-ишканалардын жетекчилерине эмгек жамааты менен биргеликте ар бир жуманын ишемби күнү ишембиликтерге чыгуу боюнча тапшырма берип, тазалык маселеси  өз көзөмөлүндө боло тургандыгын билдирди.